Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда күндүзгү стационар түзүлдү. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Аида Рысбаева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жетиштүү деңгээлде коронавируска каршы күрөшүүдө.
"Бүгүнкү күндө Бишкектеги 83-мектептин имаратына 31 орундан турган күндүзгү стационар түзүлдү. Муктаждык болуп калса, аны иштетүүгө даярбыз",- деди Рысбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн