Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биринчи айым Баткендеги көп балалуу үй-бүлөлөрдөн кабар алды (фото)

30.04.2023 09:11
406
Биринчи айым Баткендеги көп балалуу үй-бүлөлөрдөн кабар алды (фото)

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен шаарына жакын Чет-Кызыл конушунда жашаган көп балалуу - 9 жана 11 баласы бар эки үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.


Көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын башынан кечирип жаткан кыйынчылыктары жөнүндө өздөрүнөн угуп, үй-бүлөлөр тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.



Балдар өз кезегинде биринчи айым менен кыялдары жана келечектеги пландары менен бөлүштү. Ал ар бирин кунт коюп угуп, билимдүү адис болуу үчүн билим алууга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Баарлашуу учурунда Айгүл Жапарова кыйынчылыктарга карабастан бул үй-бүлөлөрдүн балдары абдан шайыр жана боорукер экендигин канааттануу менен белгиледи.


Биринчи айым үй-бүлө - ар бир адамдын жашоосундагы негизги таяныч экенин, ошондуктан балдарды камкордук менен курчап, аларга туура тарбия берүү маанилүү, деп кошумчалады.


Айгүл Жапарова балдарга чың ден соолук, бактылуу балалык, ал эми ата-энелерине күч-кубат жана сүйүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн