Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 14:16
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Биринчи айым Салтанат Саматованы эскерүү кечесине катышты (видео)

19.10.2021 09:37
1302
Биринчи айым Салтанат Саматованы эскерүү кечесине катышты (видео)

Бишкек шаарында Салтанат Саматова атындагы "Жардамга сунган колумду карма" деп аталган сыйлыкка ээ болгон тараптар сыйланды. Бул туурасында анын уюштуруучулары, "Помогать легко" коомдук фондунан билдиришти.


Аталган фонд жылдын башында Салтанат Саматова атындагы сыйлыкты түптөгөн. Ал Саматованын жардамга кол сунгандыгы, чыгармачылыгы, филантропияга салымын кошкондогунун урматына арналып уюштурулган. Анын оор илдет менен күрөшүүсү онкологиялык илдетке чалдыккан көптөгөн адамдарды илдетин жашырбай жашап, андан аркы кадамын жасоого, чүнчүп калбоого, ооруну жеңүүгө шыктандырган.


Сыйлык Кыргызстандагы ракка каршы күрөштө олуттуу салымын кошкон жана өлкөдө кайрымдуулуктун үрөнүн сээп, филантропия маданиятын түптөгөн адамдарга, уюмдарга ыраазылык билдирүү иретинде биринчи ирет тапшырылды.


Салтанатты Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова ачты. Иш-чарага Саматованын туугандары жана жакындары, фонддун өнөктөштөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттин элчиликтеринин өкүлдөрү келген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн