Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Биринчи май районунда канча жумушсуз адам бар?

16.09.2020 16:01
900
Биринчи май районунда канча жумушсуз адам бар?


Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук кызматтар жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте кезектеги пландык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жыйында районду көрктөндүрүү боюнча чарба маселелери жана жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери каралды.


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жумушсуздарды каттоо боюнча райондук бөлүмүнүн ушул жылдын 8 айынын ичинде аткарган иштеринин маалыматы берилди.


Маалыматка караганда, бул жылы жумушсуздук боюнча 2 миң 439 адам кайрылган, анын ичинен  984 адам каттоодо турат, 1 миң 455 адамга консультация берилген. 


Кесиптик окууларга 231 адам жибрилген, анын ичинен 103 адам кесиптик лицейлерде жана 128 адам жеке окуу борборлорунда билим алып жатышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн