Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бирөө көз жумган. Ошто көп кабаттуу үйдүн чатырынан окуучу кыздар кулап кетишкен

17.03.2022 17:25
1291
Бирөө көз жумган. Ошто көп кабаттуу үйдүн чатырынан окуучу кыздар кулап кетишкен


Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 17-мартта саат 13:30дар чамасында Ош облустук ооруканасынан милицияга маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу, классташ кыздар Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

“Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон. Экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн