Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бирөөнүн жер тилкеси жана унаасын алдамчылык менен ээлеп алган 32 жаштагы жаран кармалды

24.09.2021 11:32
801
Бирөөнүн жер тилкеси жана унаасын алдамчылык менен ээлеп алган 32 жаштагы жаран кармалды

Алдоо жолу менен жабырлануучунун жер тилкесин, унаасын ээлеп алган жаран кармалды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен жаран (аял киши) У.Н. кайрылып,  “Куба” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал арызында 2018-жылдын ноябрь айында алдоо жолу менен анын ишенимине кирип,  жер  тилкесин, “РЕНО 340”  үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткендигин билдирген. 


 Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 


 Тыкыр иликтөө максатында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо, жашаган жерин жана тааныштарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн.


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин аракети менен Бишкек шаарында жашаган шектүү 1989-жылы туулган О.К. кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 


 Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн