Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту

18.07.2022 14:24
406
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту


Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар маданият, экология, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу жана шаар деңгээлинде экологиялык маселелерди чечүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Эскерте кетсек, Бишкектин делегациясы Франциянын Гренобль жана Париж шаарларында бир катар расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуулардын максаты – шаарларды туруктуу өнүктүрүү жана атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча Европанын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн