Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

«Бишкек Башкыархитектура» жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары кармалды

23.01.2024 15:43
200
«Бишкек Башкыархитектура» жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары кармалды


Опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарынын аймагынан 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.


Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн