Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек-Будапешт түз аба каттамын ачуу талкууланды

05.10.2021 12:48
902
Бишкек-Будапешт түз аба каттамын ачуу талкууланды

Будапештте Венгрия менен Кыргызстандын борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, маселе 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуусунда талкууланган.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.


Белгиленгендей, бул Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн