Бишкектик “Дордой” португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду курмаында ойноп жаткан сауддук “Аль-Наср” клубу менен кызматташууга ниеттенүүдө.
«Өткөн аптада клубдун президенти Аскар Салымбеков үй ээлеринин чакыруусу менен Сауд Аравиянын Про-Лигасынын алкагындагы «Аль-Наср» менен «Аль-Фатех» беттешине келген. Тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жаштар футболун өнүктүрүүнү талкуулашты», - деп билдирди «Дордой» ФКнын басма сөз кызматы.
Ошондой эле Салымбековго өзүнүн аты-жөнү жана «7» номери жазылган футболка белекке берилди. Роналду да ушундай эле номерди кийип жүрөт.
Пикирлер (1)