Бишкек-Ош жолунда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
8 сентябрь күнү саат 17:43 чамасында Жайыл району, Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында тоонун боорунда болжол менен 70 га куураган чөп күйүп жатат.
Өрт өчүрүүчүлөр өрттү кол каражат менен өчүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүн өрттү өчүрүү иштерин улантуу үчүн Жайыл райондук №22 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган.
Кененирээк маалыматты кийинчерээк беребиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн