Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, бир адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, бир адам каза болду



Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган (бензовоз) унаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Кырсык катталган аймакка 14:30да ӨКМдин Токтогул районунда жайгашкан №97 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 өрт өчүрүүчү эсеби тартылды. 


Өрт саат 15:42де чектөөгө алынып, саат 17:00дө толук өчүрүлдү.


Өрттүн кесепетинен унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды (аты-жөнү такталууда). 

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн