Бишкек - Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (алты аял, эки эркек жана бир жаш бала) каза болуп, бир эркек жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).
Жеринде 5 куткаруучу каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн