Бишкек курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде студенттерге кургак шыбак аралашмасын колдонуу, ар кандай модификациядагы гипсокартон орнотуу технологияларын үйрөтүүчү "KNAUF Ресурстук Борбору" ачылат.
Ресурстук борбор БКАМК жана Казакстандагы ишканалар KNAUF фирмасы менен өнөктөштүктүн алкагында ачылат. 2019-жылдын 1-июнунан тартып БКАМК Германиянын Федералдык Республикасынын Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Федералдык Министрлигинин тапшырмасы менен KNAUF компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан GIZдин "Казакстан Республикасында Дуалдуу Билим Берүү Стратегиялык Альянсы" пилоттук долбооруна катышып келет. Бул эки тараптуу билим берүү долбооруна катышуу үчүн Кыргызстандан Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжи тандалып алынган.
Бул ири жасалгалоочу материалдарды чыгаруучу KNAUF менен биргелешкен долбоор заманбап жасалгалоо технологиялары боюнча курулуш тармагындагы адистердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга багытталган. Долбоор Германиянын кош билим берүү тутумун колдонот, анда колледж студенттери окуу убактысынын 60%ын курулуш компанияларында практика жүзүндө өткөрүшөт.
Германиянын билим берүү стандарттарына негизделген кош билим берүүнү киргизүү Бишкек курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин жаштар арасындагы курулуштагы имиджин жакшыртып, бүтүрүүчүлөргө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн