Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров да Нариман Түлеевдей жоопкерчиликке тартылабы?

17.11.2022 13:31
401
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров да Нариман Түлеевдей жоопкерчиликке тартылабы?


Дүйнө жүзүндө муниципалдык транспорту калкын тейлей албаган жалгыз шаар Бишкек. Анткени коррупционер мэрлер жүргүнчүлөрдү ташуучу үч автобазаны жеке менчикке чыгарып, талап-тоноп, автобустук линиялардын баарын жеке менчик фирмаларга сатып, жүргүнчүлөрдү ташууну жеке фирмаларга берип, өздөрүнөн жоопкерчиликти алып салгысы келишкен. Мындай “кеменгер” иш Керимкулов мэр болуп турганда башталган. Ошол эле мэрлер автобустар паркын жаңылоону коррупцияга айландырып, ал үчүн Нариман Түлөев жоопко тартылган.


Эми болсо “бусиктерди жоготобуз, автобус, электробуз алып келебиз” деп чамынып жатышат. Мэрия эми эсине келген окшойт. Азыркы учурда шаардын элин маданияттуу тейлегенди мындай кой, күндүн суугунда эптеп түшүп кеткенге транспорт жок, бусиктерге эл батпайт, тыгылышып. “120 автобус алып келебиз” деп жатышат, аны менен маселе чечилбейт. Бишкекти автобус менен толук камсыз кылыш үчүн жок эле дегенде 1000 автобус талап кылынат. Мэрия мээсин иштетип муниципалдык транспорт менен калкты тейлөө жагын жакшы жолго койбосо, фирмалар Индиянын үйүтүнө салып, батпаган жүргүнчүлөр үчүн бусиктерге экинчи кабат жасоону пландаштырып, бул көйгөйдү өз алдыларынча чечкени жатыптыр. Акыры ошого барат окшойт... Кыскасы, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров да Нариман Түлеевдей жоопкерчиликке тартылабы?


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн