Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкек мэри Ханнс Зайдель фонду менен кызматташуу меморандумуна кол койду

10.06.2022 15:10
488
Бишкек мэри Ханнс Зайдель фонду менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелешкен программаларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.


Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Бишкек мэри Фондду 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, муниципалдык жана мамлекеттик башкаруу органдарында жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштеген компетенттүү кадрларды даярдоого Фонддун кошкон зор салымын белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумдун алкагында алар жыл сайын кызматташуу программасын иштеп чыгып, макулдашат. Макулдашууга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга адистерди тартуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгып, семинар, тегерек стол, тренингдерди өткөрүүгө түздөн-түз көмөк көрсөтүшөт.


Мындан тышкары, КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы магистрдик программалар үчүн кандидаттарды тандоодо, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Фонддун биргелешкен программаларынын магистранттары үчүн илимий практиканы уюштурууда жана өтүүдө колдоо көрсөтүлөт.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн