Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкек мэриясы ишканаларга кызматкерлердин жарымын аралыктан иштетүүнү сунуштады

19.06.2021 19:04
895
Бишкек мэриясы ишканаларга кызматкерлердин жарымын аралыктан иштетүүнү сунуштады


Коронавируска байланыштуу абал курчуп бара жаткандыгына байланыштуу Бишкек мэриясы менчигинин формасына карабай ишканаларды кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.


Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлерди үйдөн иштөөгө жиберүү каралышы керектиги айтылат.


“Булар жашы 60тан өткөндөр, өнөкөт оорулары барлар, иммунитети төмөн адамдар, кош бойлуулар жана дарыланып жаткандар. Бирок бул эреженин шаардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок”, — деп айтылат билдирүүдө.


Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп бара жатат. Бишкек шаары бир нече айдан бери “кызыл” зонада турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн