Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев калаа тургундарын ысык сууну үнөмдүү колдонууга чакырды.
"Азыр ысык суу берилип жаткан зоналар бар. Эгер шаардыктар аны үнөмдүү колдонсо, бул түйүндөрдү эртерээк калыбына келтирүүгө чоң жардам болот эле. Башкача айтканда, системадан ысык суу азыраак алынса батыраак калыбына келтирилет",— деген министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, ЖЭБде жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, шаардын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн