Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:41
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкек мэриясы окуучулар кандай форма кийиши керектигин түшүндүрдү

15.08.2022 18:07
648
Бишкек мэриясы окуучулар кандай форма кийиши керектигин түшүндүрдү

Бишкек мэриясы мектептердеги бирдиктүү форма тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Ата-энелер бирдиктүү мектеп формасын сатып алууга аргасыз болуп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот. Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү  кийимдин классикалык стилине туура келиши керек.


Белгилей кетсек, шаардын аймагында жогорудагы токтомго каршы келген башка мектеп формасы киргизилген эмес. Ушуга байланыштуу ата-энелерди ушул токтодун  нормаларын жетекчиликке алууну суранабыз.


Жалпы билим берүү уюмдары тарабынан мектеп формасын сатып алууга мажбурлоонун конкреттүү фактылары аныкталган учурда директорлорго тартиптик жаза чаралары, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн