Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкек мэриясы швейцариялык Bartholet Swiss компаниясы менен кызматташат

01.02.2024 11:02
365
Бишкек мэриясы швейцариялык Bartholet Swiss компаниясы менен кызматташат


Швейцариянын Флумус шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери болгон Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолет менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.

Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн