Бишкек шаардык мэриясы такси кызматын көрсөтүү менен алектенгендерге кайрылуу жасап, жол кире акысын жогорулатпоого чакырды.
"Урматтуу такси кызматынын ээлери жана айдоочулар, сиздерди жол кире акысын жогорулатпоого чакырабыз. Кечээтен бери орун алган кырдаалдан пайдалануунун кажети жок.
Жарандарыбыз ишке, үйүнө жете албай кыйналышууда. Райондук администрациянын күчү менен жарандарды акысыз ташууну уюштурдук. Троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 2 күндөн бери Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдар иш таштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн