Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек мэриясы жерди ижарага берүүгө мораторийди узартты

30.05.2023 14:05
272
Бишкек мэриясы жерди ижарага берүүгө мораторийди узартты


Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңеши сессиясында ар кандай багыттагы жерлерди ижарага берүүгө мораторийди дагы 5 жылга узартты.


Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарында жеңил салмактагы объектилерди жайгаштыруу эрежелеринин долбоорун иштеп чыгууда, ал бекитилгенден кийин мораторий киргизүүнүн зарылдыгы болбойт.


«Бирок, учурда мораторийдин мөөнөтү бүттү, анын мөөнөтүн узартуу зарыл, анткени ал алынып салынса, көчөлөрдө тыгын пайда болуп, ар кандай объектилердин туш келди орнотулушу, архитектуралык курулуштун жана азыркы токтомдо көрсөтүлгөн Бишкектин негизги көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшү начарлашына алып келет», - деп түшүндүрүштү муниципалитеттен.


Негизинен борбор калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров мораторийден баш тартуу керек, мэрия коркпой, жоопкерчиликти алышы керек деп эсептейт.


"2009-жылы мэрия жоопкерчиликтен коркуп, мораторий киргизген. Бул мораторий менен биз экономикага, бизнеске тоскоол болуп жатабыз. Керек болсо Жер кодексине өзгөртүү киргизүү керек", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн