Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 15:46
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Бишкек мэриясы жылуулук жана ысык сууга төлөмдөр эмне үчүн өзгөргөнүн түшүндүрдү

20.01.2025 13:28
119
Бишкек мэриясы жылуулук жана ысык сууга төлөмдөр эмне үчүн өзгөргөнүн түшүндүрдү


Жылуулук энергиясына белгиленген тариф 1560 сом болуп, Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин буйругу менен бекитилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отун-энергетика комплекси департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ЖЭБ, “Бишкекжылуулуктармагы" жана «Бишкекжылуулукэнерго» сыяктуу үч ишкана иштеп жатат. Алар жылуулук энергиясын өндүрүү менен турак жайларды жылуулук менен камсыз кылышат.

«Социалдык норма аянты 80 чарчы метрди камтыган турак жайга 1560 сом деп белгиленген. Эгерде аянты 80 чарчы метрден ашса, төлөм өздүк наркы боюнча эсептелет. Бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы бааны 5998 сом, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 8000 сомго жакын деп белгилейт. Тарифтердин айырмасы күйүүчү майдын ар кандай түрлөрүн колдонуудан улам келип чыгууда», - деп белгиледи Энназаров.

Ал ошондой эле социалдык нормада бюджеттик каражаттын эсебинен жабылган жылуулук энергиясынын тарифи менен иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы айырманы субсидиялоо камтылганын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн