Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 11:24
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Бишкек мэриясынын карамагындагы унаалар аукционго коюлду

21.01.2025 17:51
45
Бишкек мэриясынын карамагындагы унаалар аукционго коюлду


Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктүбашкаруу департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын карамагындагы унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкү документтерди тапшырат:

1) бир же бир нече лоттун санын көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
2) жеке арыз ээсин тастыктаган күбөлөндүргөн документ;
3) арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
4) кепилдик депозиттин (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Утулган учурда кепилдик депозити кайтарылып берилет, ал эми утушка ээ болгон учурда сатып алуу баасына чегерилет.

Камсыздоо депозитин которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:
Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти
Эсептик төлөм: 4402062200010083
Банк: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы
БИК 440001
Төлөм коду: 14511900
Багыты: ММБД Жеке номери 00501201710120 ЛОТ №_ конкурска катышуу үчүн депозиттин суммасы

112 лоттон турган аукцион 2025-жылдын 18-февралында саат 14:00дө Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дарегинде өтөт.

Арыздар 2025-жылдын 14-февралына чейин кабыл алынат.

Муниципалдык мекемелерде турган автотранспортторду көрүү үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин (4-кабинеттен) жолдомо алыш керек.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, Муниципалдык менчикти каттоо башкармалыгына, төмөнкү номурлар аркылуу байланышсаңыз болот: 0(312) 35-33-89, 97 91 95 (ички номуру 4225).

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде аукцион учурунда мыйзам бузууга күбө болсоңуз, анда Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө - 0312 97 91 95 (0603) телефон номуруна кайрылыңыз",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн