Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкек мэриясынын жашылдандыруу кызматкерлери “супер багбан” деп аталды (видео)

23.03.2021 08:38
566
Бишкек мэриясынын жашылдандыруу кызматкерлери “супер багбан” деп аталды (видео)


Коомдук ишмер, тележурналист Мыктыбек Арстанбек Бишкек шаардык мэриясынын жашылдандыруу жумушчуларын “супер багбан” деп атады. Ал мындай билдирүүсүн Ютубдагы MYKTYBEK ARSTANBEK деген өзүнүн каналы аркылуу шаардык мэрияга жасаган видео кайрылуусунда айтты.


Ал шаардагы борбордук көчөлөрдүн жээгиндеги бак-дарактардын жаш көчөттөрүнүн отургузулуш ыкмасы туура эмес экенин көрсөтүп, күлкүсү келди.


Мыктыбек Арстанбектин айтымында, көчөттөрдүн түбү туура эмес көмүлүп, тамыры сууга чирип калгандай кылып отуругузуп коюшкан. Ушундай болуп жүздөгөн, миңдеген көчөттөр өспөй эле куурап калып атат.


“Ошон үчүн шаарыбыз жашылданбай атат да. Айланайын Жамал иним (вице-мэр Жамалбек Ырсалиев) багбандарыңарды жетелеп келип өзүң көрсөтүп, билгендерден сурап үйрөтүп койчу. Көргөн сайын жүрөгүм ооруйт”, - деген Мыктыбек Арстанбек булар 9 миң сомдук көчөттөр экенин эске сала кетти.



 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн