Бишкек шаарынын түштүк магистраль көчөсүндө жайгашкан "Глобус" гипермаркетинде белгисиз адам аялдын бетине чаап жиберген. Бул тууралуу "Кактус" билдирди.
Маалыматка караганда, аял терминал иштетип жаткан кишиден бир аз жылып турууну өтүнгөн жооп катары жаакка чапкан.
Жабыркаган аял милицияга арыз менен кайрылган.
Бетке чапкан киши отурган унаа милиция кызматкерине таандык экенин жабырлануучу айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн