Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мыйзамга баш ийбейби?

12.04.2023 15:11
497
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мыйзамга баш ийбейби?


Жал-15 кичирайону 30-31-32-көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү жана ага чектеш (өтө жакын) Курчатов көчөсүндөгү №48, 46/4, 44, 44/1, 44/2, 44/3, 44/4 үйлөрдүн жашоочулары бүгүнкү күндө ал аймакта 8 сотых жерге салынып баштаган көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна каршы чыгып атышат. Анын да себептери толтура экен. Бул боюнча алгач соцтармакка кулак какты катары “тийешелүү кызматтар чара көрөбү?” деген таризде чакан билдирүү кылган элем. Эки жумадан бери чара көрмөк тургай, тескерисинче, курулуш иштери күчөп атат. Ошо жерде жашаган элдердин арыздарын, дооматтарын угуп, чара көргөн жан жок.


Жаңы курулуп аткан турак жай мыйзамдуубу?


Биринчиден, ал жерге негизинен көп кабаттуу эмес эки кабаттан ашпаган үй курулса болот делгенби?


Экинчиден, биз барган учурда 3-кабаттын “сөөгү” (каркасы) тургузулуп бүтө жаздап, андан ары да кетип атканы байкалды. Бийик коргондолуп, анын үстүнө козырек (калканыч) болуш керек эле, андай нерседен ныпым жок.


Үчүнчүдөн, курулушчулардын коопсуздугу каралган эмес. Ар бир кабатты тегерете торлор тартылышы керек эле, анысынан да дайын жок. Курулушчулар ачык эле башында кийген каскасы жок каалашынча чуркап жүрүшөт. Мындай учурда бирөө жарым калпыс басып алып өйдөдөн ылдый кулап жандары мерт болуп кетсе, буга ким жоп берет?


Төртүнчүдөн, курулуш “кызыл сызыктан” чыгып кеткени даана көрүнүп турат. Анысы аз келгенсип, ошол жердеги жашоочуларга келген газ түтүгү курулуштун ичинде калыптыр. Муну кандай түшүнсө болот? Жакында эле ошол газ түтүгү жарылып, жашоочулар өрт өчүргүчтөрдү чакырып атып араң өчүрүшкөнү маалым болду. Демейде горгаз өз түтүктөрүн коргоо үчүн жанын бергенге чейин барып, керек болсо күч структура кызматтары аркылуу тартипке салышат эмеспи. Бу жери кандай болуп калды же горгаз “бармак басты, көз кыстыга” салып ийиштиби?


Бешинчиден, ошол жердеги жашоочуларга эч бир тынчтык жок. Күнү-түнү дебей самосвалыбы, краныбы, бетон тарткан машинесиби тынбастан келип, бүтүндөй жолду ээлеп алышканы аз келгенсип, жашоочуларга “тез жардам”, өрт өчүрүүчү унаалар короого кире албай түмөн түйшүк жаратып атканын кантебиз? Эми ошо салынып жаткан турак жайдын 1-кабаты чоң дүкөнгө эсептелиниптир. Ал жерге машине кантип барат? Бир машине араң баткан көчө, унаа токтотуучу жайдан дайын жок, балдар ойной турган аянтчаны айтпай тек коёлу...


Алтынчыдан, жогорудагы үйлөрдүн жашоочулары бул боюнча Бишкек мэриясына, Жогорку Кеңешке, министрлер кабинетине, Жогорку сотко, башкы прокуратурага, УКМКга, КР президентинин аппаратына, жадагалса президент С.Жапаровго арыз менен кайрылышыптыр. Барган жерлеринен ушу кезге чейин тийешелүү жооп ала албай келишет. Арыз ээлерин болбогон куру шылтоо менен “карап атабыз” деп коюшат экен. Карагандары кана?! Жанагы көзөмөлдөөчү ишканалар текей оттоп жүрүшөбү? Айлыкты “карап атабыз” деген оозунан чыккан жел үчүн алышабы? Чындап келсе, бир кичинекей эле ишкана ташын талкан чыгарып, эмдигиче ал курулушту эбак токтотмок! Же сөзсүз түрдө эле ажо кийлигишүүсү керекпи?


Өңгөсүн коёлу, жакындагы эле Түркиядагы жер титирөөнү алалы. Канчалаган бейкүнөө адамдар набыт болушту! Биздин жетекчилер мындайдан сабак алган жокпу? Анан курулуш материалдарына да кызыгып көрдүм. Мурун колдонулган (дат басып чирип баштаган) арматураларды көрүп алып төбө чачым тик турду!..


Соңунда


Ошо курулуш жүрүп жаткан чуулуу 8 сотых жер кимге тийешелүү экенин иликтеп көрсөм, Бишкек шаардык кеңештин бир нече жолку депутаты Сайдахмат Исмаиловдун уулу Арафатка катталган сыяктуу. “Мүмкүн “иттин өлүгү” ушул жерде катылгандыр” деген ойдон да алыс эмеспиз. Шаардык кеңештин депутатына мыйзам иштебейби? Канча элдин убалына калууда, бу жагын кантебиз? Бийлик төбөлдөрү көңүл буруп койсо...


Эмил Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэри: - Маселе мындай: мисалы, 8 сотых жерди үйү менен сатып алдыңыз. Андан кийин жеке долбоорчуга барасыз. Болжолдуу долбоор жасалат. Андан кийин архитектурага барасыз, ал жер кол коюп берет. Аяктан чыгып алып госстройго барсаңыз, толук кандуу долбоор чийип беришет да экспертизасына тапшырат. “Өттү” дегенден кийин кура бергенге акың бар. Аны тескеген госстрой, кабыл алган да госстрой, а мэрия таптакыр сыртта калып калган. Биз болгону бузгуч, госстрой менен архитектура кургуч болуп калган. Эми градсовет деген бар. Ушундай маселени градсовет караш керек. Эң кызыгы, градсовет – кеңеш берчү гана орган, юридикалык жоопкерчилиги жок. Ал 8 сотых жер мен мэр болуп келгенге чейин башталып калыптыр, ага чейин эле уруксат кагазын алыптыр, аны мен айта албайм да. Мындан кийин 8 сотых жерге 9-12 кабат турак жай курганга уруксат бербейбиз.


Нуркамил Жамакеев, архитектура жана курулуш департаментинин башкы инспектору: - Башталып аткан курулуш иши экспертизадан өткөн. Демек, аны курууга негиз бар деп айтсак болот. Учурда 3-кабатка келип калды. Баардык документтери бар. Биздин департаментке үч адамдан арыз келди: ошол жердеги жашоочулардан, мэриядан жана президенттин администрациясынан. Бул боюнча баардык маалыматтарды алып, кат даярдап атам, жообу жакынкы аралыкта болот. Бул жерде 12 кабатка чейин курууга уруксат деген жери бар, бирок “кызыл сызыктан” эч качан өткөнгө акылары жок. Газ түтүктөрүн горгаз жылдыруу аракетин кылышууда. Долбоор боюнча чакан парковкасы жана балдар ойной турган аянтчасы каралган. Ал эми коопсуздук боюнча коргондун үстүнө калканчтарын коюшу керек. Эгер андайы жок болсо, алгач оозеки эскертүү берилип, кийин айып салынуу шарты болот. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн