Бейшеналиев Медер Зулхайнаринович Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Медер Бейшеналиев буга чейин санитардык-экологиялык инспекциянын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн