Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек шаардык соту "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңишин мыйзамдуу деп тапты

28.07.2021 13:35
1730
Бишкек шаардык соту "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңишин мыйзамдуу деп тапты



Бишкек шаардык соту "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңишин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.


"Урматтуу мекендештер! Сиздердин ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп өчпөй жарыгын чачты десем дагы болот. Бүгүн, Соттун чечими адилеттүү болду. Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкек шаардык Соту тааныды!!! Эмне дейм, ушул адилеттүүлүктүн өмүрү узун болсун…! Бул чечим “Биздин Кыргызстан” партиябыздын жеке тарыхында жоон сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот. Бизге ишеним көрсөтүп, чыныгы жүрөгү менен тынсызданып, биз менен аягына чейин турабыз, биргебиз деген шайлоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Көбүрөөк жашасын АДИЛЕТТҮҮЛҮК!",- деп билдирүү калтырган депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн