Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында митингге чыгышты.
Алар Сариевге коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айтышып, аны бошотууну талап кылышууда.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Темир Сариевди 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына калтырган.
Бүгүн шаардык сотто жактоочунун даттануусу боюнча Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн