Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш өтөт

24.05.2023 15:21
715
Бишкек шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш өтөт

Бишкек шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт.


Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер үстүбүздөгү жылдын 1-4-июнь күндөрү "Бишкек-Арена" муз аянтчасында өтөт. Беттештер күн сайын саат 10:30да башталат. Финалдык беттештер саат 18:00дө.


Мелдешке жалпысынан дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 600дөн ашык спортчу катышат.


Күрөш он салмактык категорияда өтүп, жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.


Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг;

Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125;

Кыз-келиндер күрөшү: 50, 53, 55, 57,59, 62, 65, 68, 72, 76.


Турнирдин программасы:


1-июнь - Грек-рим күрөшү боюнча беттештер;

2-июнь - Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер;

3-июнь - Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештер;

4-июнь - Эркин күрөш боюнча беттештер.

Теги

Uww

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн