Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Бишкек шаарынын айланасындагы жерлер жыл аягына чейин документтештирилет

23.11.2022 13:15
352
Бишкек шаарынын айланасындагы жерлер жыл аягына чейин документтештирилет

Жер амнистиясынын алкагында дээрлик 29 гектар жер трансформацияланды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков  билдирди.


Буга чейин мамлекет башчы апрель айына чейин Чүй жана Ош облустарында 25 миң гектар жер мыйзамдаштырыларын айткан.

Июнда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери сентябрь-октябрь айларында кызыл китеп берилип каларын маалымдашкан. Журналист бул иштер кайсы стадияга келип калганын сурады.

Министр жер амнистиясы боюнча мыйзамга кол 1-майда коюлганын эске салды.


"28,9 миң гектар жер трансформация болуп, 146 миң үй-бүлө үчүн кызыл китептерди жасап, берүү процесси башталган. Бул иш бардык райондо жүрүп жатат. Эл кызыл китеп алып жатканын ЖМК өкүлдөрү да көрдү. Бул бир күндө бүтө калчу жумуш эмес, график менен иштеп жатабыз. 2023-жылдын башына чейин же балким ушул жылдын аягына чейин эле бул маселе чечилип калат. Бирок мындай көп документти тез эле жасап бере калуу оңой эмес", — деген министр.

Ал пайдубалы салынып же үйлөр курулуп калган жерлерге документ берилип жатканын кошумчалаган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн