Бүгүн, 4-августта саат 18:00гө карата Бишкек шаарындагы стационарларда 983 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Төмөнкү стационарларда бош орундар бар:
- Улуттук фтизиатрия борбору – 5;
- Темир жол ооруканасы – 19;
- Улуттук хирургиялык борбор - 19;
- Улуттук госпиталь – 37;
- Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз илимий-изилдөө институту – 94;
- №1 шаардык оорукана – 127;
- «Семетей» (мурунку «Ганси» авиабазасы ) – 203;
- Көзүнүн көрүүсү менен жабыркаган балдардын интернаты – 63;
- «Ынтымак» медресеси – 62;
- Наркология борбору – 103;
- Суворов окуу жайы – 103
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борбору – 32;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору – 11;
- Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы – 105.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн