Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жана Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазышты. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда берген маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал алардын отставкасын кабыл алган.
Башкы прокурор алардын кызматтан кетүүсү ден соолугуна байланыштуу экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн