Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 15:44
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды

15.01.2025 09:59
36
Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды


Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому парламенттин сайтына жайгаштырылды.


Аны депутат Марлен Маматалиев демилгелеп, бир катар сунуштарды берген.


Токтомдо төмөнкүдөй тапшырмалар коюлган:

- министрлер кабинетине 1-апрелге чейин ар кайсы булактардан тиешелүү каражат табуу жана бюджеттен бөлүп берүү;

- бара-бара техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен Бишкек шаарынын тегерегинде айланма жолдун курулуш жана темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу;

- Бишкек жана Ошто борборлоштурулган автоматтык түрдө адаптацияланган светофорлорду башкаруу системасын ишке киргизүү;

- 1-ноябрга чейин Жогорку Кеңешке жасалган иштер боюнча жылдык отчет берүү.

- Ош мэриясына 1-октябрга чейин Калаадагы жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тыгындарды азайтуу концепциясын иштеп чыгуу.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн