Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Марипов кол койгон башка бир буйрукка ылайык, Сарыбашов Таалайбек Насирбекович берген арызына ылайык Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн