Бишкек шаарына Белорусиядан 164 кыргызстандык келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-июлда Минск — Бишкек каттамы боюнча "Avia Traffic Company" авиакомпаниясы аркылуу келишти.
"Авиакаттам менен Кыргызстандын жарандары, анын ичинде Белорусия, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланд, Польша, Франция жана Швейцария, Түштүк Африкадан студенттер кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн