Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарына Индиядан Кыргызстандын 10 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда бардык жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
«Индия тараптын өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-июнунан 28-июнуна чейин «Air India» жана «Sapa Jet» авиакомпаниясы Индиянын Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтарууну пландап жатат», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн