Бишкек шаарына бүгүн, 23-июнда Корея, Япония, Филиппинден кыргызстандык 19 жаран келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, кыргызстандыктар Токио, Манила, Сеул шаарларынан Алмата шаарына келишкен. Ал жактан атайын транспорт менен Бишкек шаарына жеткирилди.
Баардык жүргүнчүлөр обсервацияга жаткырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн