Бүгүн, 19-июнда Пакистан Ислам Республикасынан Кыргызстандын 94 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Пакистандан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Пакистандын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн пакистан тарабы менен биргеликте уюштурулган «Pakistan International Airlines» авиа компаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти.
Азыркы тапта бардык учуп келген жарадар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык чаралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн