“Манас” Эл аралык аэропорту 13-августта Новосибирск-Бишкек багыты боюнча
чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан 171 кыргызстандык кайтып келди,
алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан
билдирди.
Маалыматка ылайык, Бул каттам менен кыргызстандыктар
Новосибирск, Петропавловск Камчат, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск,
ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз
Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн