Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке Санкт-Петербургдан 151 кыргызстандык жаран учуп келди

13.08.2020 10:52
832
Бишкекке Санкт-Петербургдан 151  кыргызстандык жаран учуп келди


Бүгүн, 13-августта “Манас” Эл аралык аэропорту  «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды.


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Россиядан 151 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. 


Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.


Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн