Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер келет

02.07.2020 15:30
1038
Бишкекке аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер келет


Аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер шаардык медицина кызматкерлерине көмөктөшөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылган.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июль күнү кечинде Бишкек шаарына Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан медицина кызматкерлери келишет.  Эртең Баткен жана Жалал-Абад облустарынан медкызматкерлердин келиши күтүлүүдө. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.


Бүгүн Бишкекте дарыгерлер жана  медициналык айымдар абдан жетишпей жатканын түшүнүп турабыз. Ошондуктан аймактардан ыктыярчыларды тартуу чечими кабыл алынды. Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет, - деген Кубатбек Боронов.


Жаңы орундар тууралуу айтсак, кечинде дагы 700дөн ашуун орун даяр болот. Айрым окуу жайлардын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылууда. Уюштуруу иштери (медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жеткирүү) менен биргеликте медицина кызматкерлерин бөлүштүрүү жүрүүдө.


Бул жатаканаларда мурдагы авиабаза Гансидегидей шарт жок экени түшүнүктүү. Бирок учурда эң башкысы - бейтаптарды жаткыруу жана дарылоону баштоо болуп саналат. Жашоочулар адамдар орундуктарда же унааларда жаткан видеолорду жайылтып жатышат. Буга жол бербөө керек. Ошондуктан күн сайын аз дегенде 500дөн керебет-орун даярдоо зарыл, - деген премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн