Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке "Барселона" футбол командасынын мурдагы капитаны Карлес Пуйоль келди

28.08.2023 11:38
975
Бишкекке "Барселона" футбол командасынын мурдагы капитаны Карлес Пуйоль келди


Бүгүн Бишкекке "Барселона" футбол командасынын мурдагы капитаны Карлес Пуйоль келди.


“Манас” эл аралык аэропортунан кыргызстандык күйөрмандар “Барселона” футбол клубунун легендарлуу коргоочусу, Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Карлес Пуйольду тосуп алышты.


Эске салсак, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда легендарлуу «Барса» клубунун жана Азиянын футболчуларынын жолдоштук беттеши өтөт.


BarçaLegends алкагында «Алтын топтун», «Дүйнөлүк кубоктун», «Алтын бутсанын» жана башка көптөгөн престиждүү наамдардын ээлеринин келиши күтүлүүдө: Роналдиньо, Ривалдо, Савиола, Клюйверт, Абидаль, Замбротта, Надаль, Франк де Бур, Попеску жана көп башкалар.


Алдыдагы оюндун калган катышуучулары бүгүн Бишкекке келишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн