Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айып салынды

24.06.2020 18:04
542
Бишкекте  санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айып салынды


Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова 24-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, 14-майдан 23-июнга чейин шаарда көчмө топтор тарабынан 8899 объект текшерилген. Алардын жыйынтыгы боюнча 2 млн 528 миң 500 сомго эреже бузуулар боюнча 1176 протокол түзүлгөн.


Менчик түрүнө карабай бардык ишкана жана уюмдардын жетекчилери санитардык эрежелерди жана талаптарды аткарышы керек”, - деди ал.


Ал талаптарды аткарбаган ишкана-мекемелердин иши убактылуу токтотуларын эскертип өттү. Учурда шаарда спорттук, мааракелик, майрамдык, массалык иш-чараларды өткөрүгө болбойт. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн