Бишкекте 10-кабаттан өзүн таштоого аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Бүгүн, саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттынын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салуу аракеттенүүдө деп кабар 112 кызматынан түшкөн.
Окуя катталган жерге дароо эле Куткаруу кызматынан 5 куткаруучусу тартылып, куткаруу иш аракеттери 11-кабатынан 10-кабатына атайын альпинисттик шаймандары менен 18 жаштагы кызды түшүрүштү.
ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн