Бул аптада коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, жети маселе каралган.
Анын жыйынтыгы менен № 129 маршруттук каттамдын жолу жарым-жартылай өзгөртүлдү. Коммунаров көчөсүндөгү акыркы аялдамага кеткен кыймыл эми Бейшеналиева — Рыскулов — Кулиев көчөлөрү боюнча каттап, Жибек Жолу проспектине чыгат. Андан ары мурдагы схема менен кетет.
Ошондой эле № 215 кичи автобустун каттамы Лущихин көчөсү менен Теңир-Тоого чейин узартылды.
№ 17 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлүп, Сыдыгалиев — Жамгырчинов — Интергельпо көчөлөрү менен жүрүп, андан кийин Дэн Сяопин көчөсүнө чыгат.
№ 118 кичи автобустун каттамы Орок көчөсүндөгү № 90 орто мектепке чейин узартылды.
Пикирлер (1)