Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте 12 жаштагы өзүнүн кызын зоордуктоого шектүү жаран кармалды

01.03.2022 12:45
2003
Бишкекте 12 жаштагы өзүнүн  кызын зоордуктоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте 12 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 27-февралда милицияга жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык мүнөздөгү зордуктоого дуушар болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн.


Окуя болгон жерге келген Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери 37 жаштагы киши мас абалында болгондугун, өзүнүн 2010-жылы туулган кызына сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөндүгүн аныкташкан.


Аталган факты боюнча "Зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилип, эки айга камалды.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Дамир
Атып салгыла
Дарика Аалиевна
Эмне балээ болду Аталарга! Ушундай коркунучтуу көрүнүштөр көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат! Кыргыз Элиме - Кайрылам ушул көрүнүштөрдү түп тамыры менен жоготуш керек тез аранын ичинде - Мыйзам иштеп чыгыш керек, ушундай көрүнүштөрдөн кутулуш үчүн!Күтүп отура берсек бул жоосунсуз жоорук Тамашага айланып бара жатат!