Бишкек шаарында 13 күндүзгү жана 2 түнкү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов 17-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин, түнкү стационарлар саат 20:00дөн саат 08:00гө чейин иштеп жатышат.
"Ленин районунда 5, Свердлов районунда 3, Октябрь районунда 2, Биринчи май районунда 3 күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Алардын ар биринде дарыканалар жайгашкан. Ошондой эле, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан күндүзгү стационарларда 216 медициналык кызматкер жана 22 ыктыярчы иштеп жатат", - деди вице-мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн