Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынын кызматкери шериги менен 2008-жылы төрөлгөн кызды зоордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Кактус. медиа өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, ишти иликтеген Свердлов райондук прокуратурасы иликтеп милиция кызматкерлерин суракка алгандан кийин кармалган.
Кармалган милиция кызматкеринин шериги да зоордуктоого шектелүүдө. Ал дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилери айтылат.
Пикирлер (1)